Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Бишкектин автотыгын көйгөйүн чечүү үчүн метро куруу муктаждыгы жаралганын айтышты.
Алгач Арсланбек Малиев шаарга метро куруу жолун караштырып, ал үчүн сырттан (Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдөн) инвестор таап, аларга 15-20 жылга өткөрүп, андан соң Кыргызстан кайра өзүнө алса болор эле деген оюн билдирди.
Көп өтпөй Элдар Абакиров Бишкектеги жүргүнчүлөрдүн күнүмдүк агымы 700 миңге жетерин белгилеп, метро куруу муктаждыгы жаралганын айтты. Эл өкүлү шаардагы дарыялардын астына метро, үстүнө үй курууну долбоорлогон видеону көрсөтүп, бийликке карап көрүүнү сунуштады.
"Бүгүн куруп баштаганда деле 5-10 жыл кетет. Канчалык эрте баштасак, ошончо эрте бүтөбүз. Биринчи тарамын (метронун) баштасак, кийинкилери жеңил кетет. Кудайга шүгүр, калктын, анын ичинде борбор калаанын элинин саны тез өсүүдө", — деди Абакиров.
Муну утурлай депутат Балбак Түлөбаев учурунда монорельс курууну демилгелегенде шылдыңга кабылганын айтып, бирок бул турмуш талабы экенин билдирди. Ал метродон монорельс арзан түшөрүн белгиледи.
"Азыркы алып келип жаткан автобустар тыгын маселесин чечпейт. Тескерисинче, жаратат. Бир автобустун узундугу 12 метр. Жол чыракка үчөө токтосо 36 метр болот. Анын артына тыгын топтолот. Болбосо аялдамаларды да жылдырыш керек. Миң автобусту болжол менен 80 миллион долларга алып келүүдөсүңөр. Дагы миңи (автобус - ред.) пландалууда. 150 миллион долларга эки суунун агымына монорельс куруп коелу. Алдын ала долбоору даяр, аны ишке ашыруу керек", — деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал монорельс бир саатта 150 миң кишини ташый аларын кошумчалады.
Мэрия калаадагы тыгын маселесин жоюунун жолдорун издеп келет. Буга чейин Чыңгыз Айтматов проспекти менен Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейин асма жол курулары айтылган. Ага чейин монорельс салуу сунушталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн