Депутаттар Конституциянын жаңы долбооруна окубай туруп кол койгон эми ынандым. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Шер-Нияз Фейсбук аркылуу кайрылуусунда билдирди.
“Ушул мыйзам долбоорун көрсөтпөстөн эле депутаттардан кол коюп берүүсүн сурануулар болуп жатат деп уккам. Ошонун чын экенине эми ынанып отурам. Менин оюмча ага кол койгон депутаттардын көпчүлүгү аны окубай туруп эле кол коюп беришсе керек. Бул мыйзам долбоору бизди кайра 20-30 жыл аркага кетирет. Себеби, анда бири-бирине карама-каршы клеген нормалар көп. Мисалы, Жогорку Кеңешти эл шайлап жатса, эмне үчүн анын үстүнөн дагы бир орган (элдик курултай) болушу керек. Мыйзам долбоору боюнча бардык бийлик президенттин гана колуна топтолот”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн