Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутаттар Ош облусуна 150 тонна ун, беткап, тамак-аш таратууда

21.03.2020 20:42
1085
Депутаттар Ош облусуна 150 тонна ун, беткап, тамак-аш таратууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Азамат Арапбаев, Улан Примовдор Ош облусунун жашоочуларына ар бири 50 тоннадан (150 тонна) ун, беткап, күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктарын бекер таратууда. Муну күбөлөр Фейсбук аркылуу жарыялады. Алардын айтымында, эл өкүлдөрү мындай кайрымдуулугун маалымат каражаттары аркылуу жарыялоодон баш тартып, ага жол берген эмес. “Депутаттар телефонго тартууга макулдук берген жок. Бийликке наалыбай, салык төлөп, анан минтип Кудайдын ыраазчылыгы үчүн кылган берешендиги ар бирибизге үлгү болсо деген эле ниет”, - дейт Фейсбук колдонуучуларынын бири.

Белгилей кетсек, коронавирус дартынын жайылышынан улам өкмөттүн чечими менен Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдар абалы киргизилди. Учурда бул вирусту жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гулаим
Ундарын басын айтып койсонор