Бугу 01, 2024
Убакыт: 19:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Депутаттар Саламаттыкты сактоо министрин сындап, Каратаевди колдоп чыкты

31.03.2021 18:13
979
Депутаттар Саламаттыкты сактоо министрин сындап, Каратаевди колдоп чыкты

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтан бошотулган Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевди колдоп чыгышты. 

Депутат Евгенния Строкова министрдин чечимин сындап, санитардык дарыгерлерди орун басар кылганына түшүнбөй турганын айтты.


"Министрдин айткандарына мен макул эмесмин. Министр эмес, Мадамин Мусаевич пандемияда жанын карч уруп иштеди. Кызыл зоналарда, региондордо иштеди. Ал киши өтө тажрыйбалуу дарыгер. Азыркы сандарыгерлердин министрдин орун басары болгонун түшүнбөй турам",- деди Строкова.


Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев министр Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды.

"Орун басарларым эс алып жатканда, мен күнү-түнү иштеп жүрдүм. Мындай кызматкерлердин кереги жок" - деп билдирди.Бирок, мен министрдин бул аргументине кошулбайм. Анткени, министрдин орун басары Мадамин Каратаев былтыр пандемия учурунда, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, район, шаарлардагы штабдарга катышып, дайыма ошол жакта кызыл зонада жүрүп, көйгөйдү жеринен билип, министрге караганда күнү-түнү иштеди. Ал Жогорку Кеңештин, комитеттин жыйындарында суроолорго так жооп берип, бул тармакты ийне-жибине чейин билген, профессионал кадр экендигин далилдеди. Мадамин Мусаевич пандемия менен каршы күрөшүүдө өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так, жоопкерчилик менен аткарды деп эсептейм",- деди Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн