Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдүн 80ге жакын тургуну Ак үйгө чогулганын билдирди.
Ш.Мажитова эки ишкананын ортосундагы талаш-тартыштан улам карапайым эл жабыркап жатканын билдирди. Анын айтымында, бул үйдүн жашоочулары 1-майга чейин үйдө калууга уруксат берүүнү суранышууда.
Ал эми депутат Надира Нарматова бул адамдар Ак үйгө келбеши керектигин, бул маселени өкмөт чечиши керектигин айтты. Н.Нарматова бул маселени чечип берүүнү суранды.
Депутат Мирлан Самыйкожо бул адамдарды соттун чечими чыкмайынча көчүрбөөнү сунуштады.
Мындан тышкары, депутат Дастан Бекешев бул маселе буга чейин да көтөрүлүп келгендиктен, балким, азыр бул жашоочуларды чыгарууга кызыкдар болуп жаткандар бар деп эсептейт.
«Мэрия азыр Субанбердиева 102 дарегиндеги үйдүн жашоочуларын чыгарууну көздөп жатат, бирок бул адамдар көп жылдан бери турак-жай алуу үчүн кезекте турушкан. Бул мыйзамсыз», - деди Д.Бекешев.
Д.Бекешев жер басып алгандарга мунапыс берилгенин, ал эми мэриядан, президенттен жана башкалардан батир белекке алгандар кууп чыгарылып жатканын эске салды.
Депутат Талант Мамытов кышында нөлдөн төмөн температурада адамдарды үйлөрүнөн чыгаруу туура эмес экенин айтты.
Спикер Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча өкмөткө бир нече жолу кайрылганын билдирди.
«Бул бир убакта көптөгөн мыйзамсыз үйлөр курулгандыктан болуп жатат», - деди Шакиев.
Белгилей кетсек, 1-мартта Бишкек шаарынын мэриясы Сүйөркулов көчөсү 16/1 имаратынын тургундарын көчүрүү процедурасын баштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн