Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 18:55
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Депутаттар Жанар Акаевдин "Бишкек шаарынын мэрин эл шайласын" деген мыйзамын четке какты

06.04.2023 16:02
347
Депутаттар Жанар Акаевдин "Бишкек шаарынын мэрин эл шайласын" деген мыйзамын четке какты

Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.


Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Акаев, Н.Алимжанова, Ф.Алимжанов, Ч.Айдарбеков, А.Исираилов, Г.Молдобекова, Э.Жамгырчиев.


Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунда борбор калаанын мэрин тикелей шайлоо институтун киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.


«Борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот», - деп баса белгиледи Жанарбек Акаев.


Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорун колдоп, мэрди бошотуунун жол-жобосуна кызыкты. Ал эми эл өкүлү Таалайбек Сарыбашов Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар экенин эске алып, мэрди түз шайлоо практикасын кичи шаарлардан баштоону сунуштады.


Мындан тышкары, депутат Айбек Маткеримов Министрлер кабинетинин корутундусуна кызыкты. Буга Жанарбек Акаев Министрлер кабинетинин каршы корутунду бергенин айтып, мэрлик институттун ишинин туруктуулугуна жана стабилдүүлүгүнө, ошондой эле каржылык чыгымдарга байланыштуу тобокелдиктерди жүйө келтиргенин маалымдады.


Депутат Жалолидин Нурбаев жаш чектөөнү алып салууну сунуштады. Алсак, мыйзам долбоорунун 22-пунктунда 35 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан жаран мэр боло алат деп көрсөтүлгөн. Өз кезегинде депутат Дастан Жумабеков мамлекеттик кызматта тажрыйбанын болушун сунуштаган норманы алып салуу зарыл деп эсептейт.


Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн