Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин структурасын түзүүнү талкуулап жатат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия мурдагы 9 комитетти 7 комитетке түшүрүүнү сунуштаган.
Депутат Мирлан Самыйкожо маданият тармагын социалдык комитетке кошууну сунуштады.
Ал эми Нурбек Алимбеков агрардык комитетти алып койгону туура эмес экендигин белгиледи. Ал Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан бул комитет абдан керек экенин айтты.
Башка депутаттар да Алимбековдун сунушун колдой турганын билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн