Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Депутаттар аскерлердин азык-түлүгүнүн өлчөмүн карап чыгууну өкмөткө сунуштады

26.05.2020 16:07
895
Депутаттар аскерлердин  азык-түлүгүнүн өлчөмүн карап чыгууну өкмөткө сунуштады


Бүгүн, 26-майдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында аскер кызматчыларын жана аскер пенсионерлерин азык-түлүк чен азыгына акчалай компенсацияны жогорулатуу жана төлөө жаатында социалдык коргоо тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маселени кароону депутат Кожобек Рыспаев демилгелеген.


Депутаттын айтымында, бир күндүк азык түлүк чен азыгы үчүн 130 -180 сомдун тегерегинде акча каралган. “Бирок бир күнгө бекитилген көлөмдөгү чен азык 4008 килокалорийге барабар болушу керек. Буга байланыштуу аскер, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин чен азыгы үчүн кошумча 114 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүү зарыл”, – деди Кожобек Рыспаев. Муну менен ал коңшу өлкөлөрдү чен азыктын көлөмү жогору экенин мисал кылды.


Талкуу учурунда депутат Чыныбай Турсунбеков чен азыктын көлөмүнө жана энергетикалык баалуулугуна тиешелүү маселеге токтолуп, “130 сомдук чен азык менен бир күнгө 4008 килокалорийди камсыздоого болобу?” – деген суроо салды.

Өкмөт өкүлү кошумча тамактануунун чен азыгы үчүн 114 млн сомдук каражат бөлүү маселесин 2021-жылдын республикалык бюджетинин алкагында кароо зарылчылыгын белгиледи. Талкуу соңунда тармактык комитет маалыматты кабыл алып, өкмөткө маселени чечүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн