Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:51
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Депутаттар айлык боюнча сөзүндө турган жокпу?

04.12.2020 10:56
945
Депутаттар айлык боюнча сөзүндө турган жокпу?

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь-ноябрь айлары үчүн айлык акыларын толук алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.


Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү октябрь айындагы эмгек акыларын “Ак үйдү” оңдоо үчүн которушкан. Бирок бир дагы депутат ноябрь айындагы эмгек акыларынан баш тартышкан жок.


Белгилей кетсек, буга чейин алтынчы чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу мезгилинде акысыз иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен.


“Ак үй” 5-6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда талкаланган. Бирок келтирилген зыяндын так суммасы эч качан эсептелген эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн