Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар жана Аппарат кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу жаңжалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аталган өнөктүккө Ош шаарында иш алып барып жаткан депутаттар да кошулуп, донор болушкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн