Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутаттар көчмө жыйындын алкагында Ош шаарына барды

01.11.2022 13:48
331
Депутаттар көчмө жыйындын алкагында Ош шаарына барды


31-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары көчмө жыйындын алкагында Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына барып, ал жердеги көйгөйлүү маселелер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган дарыянын эки жээгин бекемдөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоорлоо иштери тууралуу маалымат беришти.


Ошондой эле көчмө жыйында Жогорку Кеңештин депутаты, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаарын так ортосунан экиге бөлүп турган, калаанын символу болгон Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери 2020-жылдын июнь айында башталганын маалымдады.


«Бул ири долбоордун тендердик баасы 251 млн 893 миң сомду түзгөн. Курулуш иштери жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөрүн мерчемделген. Мен шаардын мэри болуп турганда да, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенда да, ушул долбоорду аягына чыгаруу боюнча маселени көтөрүп келем. Министрлер кабинетинин төрагасы долбоор менен жеринде таанышып, колдоо көрсөтөөрүн убадалаган. Буга чейин курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен гана каражат каралып келет, республикалык бюджеттен каражат карала элек», - деди Таалайбек Сарыбашов.


Ошондой эле эл өкүлү бул долбоордун шаардыктар үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, комитеттин чечимине республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүп берүү тууралуу сунушту киргизүүнү демилгеледи.


«Ош шаарында чындыгында мынчалык узундукта жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу эс алуу жайы жок. Бул уникалдуу проект. Дарыяны бойлоп, таза аба менен дем алуу жана веложолдор, жайында сууга түшүү үчүн көлмөлөр каралган», - деп жыйынтыктады Таалайбек Сарыбашов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн