Бугу 21, 2024
Убакыт: 22:42
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Депутаттар курулуп бүтпөй жатып, бузулган унаа жолдордун абалына нааразы болушту

13.06.2020 12:02
1009
Депутаттар курулуп бүтпөй жатып, бузулган унаа жолдордун абалына нааразы болушту


Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын жыйынында Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки автомобиль жолунун 67 чакырым тилкесинин курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

 

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө аталган жолдун курулушунун кечеңдеп жатышына байланышкан маселелер көтөрүлүп, Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү: “Каржы маселесине байланыштуу 5 айга токтотулган. Кийин кыш келип, андан соң илдетке байланыштуу карантин киргизилгендиктен жумуштар дагы кечеңдеди”, – деди.

 

Өз кезегинде депутат Бахадыр Сулейманов стратегиялык маанидеги жолдун курулушунун кечеңдеп жатышын сынга алып, Бишкек-Кара-Балта” жолу да бүткөрүлбөй жатат. Салынгыча эле бузула баштаганы тууралуу кептер айтылууда. Жол ортосуна суу толуп, сапаты начарлоодо”, – деди.

 

Муну менен катар депутат: “Күнү-түнү иштеп жолду бүткөрүш керек болчу. Шылтоо айтуу оңой. Бирок каалаган адам кыйынчылыктан мүмкүнчүлүк таап ишти бүткөрөт. Бирок аталган эки жолдо тең кайдигерлик байкалууда”, – деп кошумчалады.

 

Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушуна токтолуп, фазалык аткарылган иштердин ар бири боюнча канча акчага келишим түзүлгөнүнө кызыкты.

 

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү 126 км түзгөн биринчи фазада 399,9 млн АКШ доллары каралганын белгилеп, буга 3,9 км туннель жана тоо арасындагы жаңы жолдор кирерин айтты. Экинчи фазасынын узундугу 100 км. Ал эми ага каралган каржынын суммасы 298 млн АКШ долларына барабар. Депутат Нурбек Сыдыгалиев кеткен каражаттарды кайрадан эсептеп чыгуу керектигин белгилеп, бул боюнча салыштыруу жүргүзүлөрүн эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн