Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутаттар орто билимдүү жарандарга дарыкана ачууга уруксат берүүнү сунушташты

23.10.2023 12:26
340
Депутаттар орто билимдүү жарандарга дарыкана ачууга уруксат берүүнү сунушташты


Депутат Ырысбек Атажанов орто билими бар жарандарга фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүүгө уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


Эл өкүлү өз сунушун алыскы аймактарда фармацевтикалык кызмат көрсөтө ала турган жогорку билимдүү адистердин жоктугу менен түшүндүрдү.


Депутат Жылдыз Садырбаева кесиптешинин пикирине кошулду.


«Силер азыр аймактарды медициналык жардамдан жана дары-дармектерден ажыратып жатасыңар, анткени алыскы айылдарда жогорку фармацевтикалык билими бар адам жок жана алар жакын арада ал жакка барышпайт. Нарын облусуна бардык, Ак-Талаа районунда үч эле дарыгер бар. Жок дегенде өткөөл мезгилге уруксат беришибиз керек», - деди ал.


Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов фармацевтикалык ишмердүүлүк менен алектенүүдө жоопкерчиликти эске салды.


«Бул медайымдарга медициналык лицензия бергенге окшош болмок. Аны дарыгерлерге гана беребиз. Эгерде жарандар дары-дармектерди сатууга уруксат алышса, анда алар жогорку билимдүү, жүгүртүүсү бар, кадрларды даярдоосу керек. Орто билими эки жылда, жогорку билими беш жылда бүтөт. Айырма бар. Адам кайсы дары эмнеден тураарын, фармакологиялык системаны ж.б. орто билимдүү адамдар жакшы билишпейт», - деди ал.


Жыйында депутаттар “Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулап жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн