3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулады.
Буга байланыштуу "Спутник Кыргызстан" маалымдамасынын журналисти депутаттардан мыйзам чыгаруу органынын укуктары боюнча жазылган беренелерди сурап көргөн.
Видеодон байкалгандай, депутаттардын бири да так жооп бере алган эмес. Алардын жообу "Карап көрүш керек" болгон. Алар муну Конституциянын жаңы долбоорун карай электигин далилдеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн