Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Депутаттар референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон эмеспи?

04.03.2021 17:29
522
Депутаттар референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон эмеспи?


Жогорку Кеңештин депутаттары 1-мартта  Конституция боюнча референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун киргизүү жөнүндө спикер Талант Мамытовдун атына жазылган катка кол койбогондугун айтышты.  Бул тууралуу "Кактус.медиа" билдирди.


Депутат Тазабек Икрамов ноябрь айында Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгонун жана 1-мартта эч кандай документке кол койбогонун билдирген.


"Мен 1-мартта же ага чейин бир нече күн мурун эч кандай документке кол койгон эмесмин. Ноябрда   Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгонмун", - деди.


Ошондой эле Нурбек Алимбеков да ноябрда  Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгонун, бирок референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбооруна кол койбогонун билдирген.


Буга чейин референдумду дайындоо боюнча долбоордун демилгечилери Конституциянын долбооруна 80ден ашуун депутат кол койгонун билдиришкен. Бирок, белгилүү болгондой, алар Конституциянын жаңы долбооруна эмес, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн