Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутаттардын челленджи шакабага айланды (фото)

19.03.2020 16:37
1281
Депутаттардын челленджи шакабага айланды (фото)


Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттар жаңы челлендж баштады. Алар коронавирусту  #ЫнтымакМененЖеңебиз! деген жазууну колуна кармап сүрөткө түшүп, сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөй баштады.


Айрым адамдар эл өкүлдөрүнүн бул аракетине баа берип, кыйын кырдаалда ынтымакка чакыруу жакшы иш деген пикирлерин айтса, айрым интернет колдонуучулары депутаттардын челленджин шакаба айлантышты.  


Анда депуттаттардын кармаган кагаздардагы жазууларды өзгөртүп, шылдың сөздөргө айлантышкан.  


Бул кырдаал жаңы талкууну жаратты.  Айрым адамдар шылдыңга алып келген иш-чаранын авторлорун, пиар-адисттерин жоопко тартуу керек дешсе, айрымдар кырдаалдан пайдаланып бийликти каралоо аракети жүрүп жатат деген пикирлерин билдиришүүдө. 


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аскар
"Здесь может быть ваша реклама"))))))))))))))))))))))убило