Кулжа 26, 2024
Убакыт: 12:43
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Депутаттардын сынына кабылган ӨКМ министри Жалал-Абадга барды

07.05.2020 14:22
1113
Депутаттардын сынына кабылган ӨКМ министри Жалал-Абадга барды

 

Бүгүн, 7-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Жалал-Абад облусуна иш-сапарга барды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров түштүк аймактагы болуп өткөн сел, ага кошумча  кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу багытында  тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Жалал-Абад облусунда иш-сапарда жүрөт.


Ал Кара-Көл шаарын аралап агып өткөн Кара-Суу каналын жыл сайын жаз, жай мезгилдериндеги жаандын жаашынан, каарлардын ээришинен суу ташкындап, шаардын Ак-Кыя-1 жана Ак-Кыя-2 участокторундагы 400дөн ашык калктуу конушка кооптуулук жаратып келген тилкени жеринен көрүп чыкканы айтылат.


Мындан сырткары, Аксы районунда барып, 3-майда жаан-чачындан  улам сел жүрүп, андан жабыркаган аймактарды жеринен көргөн.


Эске салсак, Жогорку Кеңештин 6-майдагы отурумунда Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров түштүк аймагындагы селден жабыр тарткан жерлерге өз учурунда барабаганы сын алынган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн