Бугу 06, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Депутаттардын талабына карабай министр Ниязбеков Жогорку Кеңешке келген жок

08.04.2021 16:27
916
Депутаттардын талабына карабай министр Ниязбеков Жогорку Кеңешке келген жок

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары Айзаданын өлүмү боюнча маселени угуу үчүн ИИМдин министри Улан Ниязбековдун жыйынга келишин талап кылышты. Бирок Ички иштер министри Улан Ниязбеков парламент жыйынына өзү келбегендигине байланыштуу маселе каралган жок.


Эрте менен депутаттар ички иштер министри Улан Ниязбековдун 5-апрелде белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, 7-апрелде сөөгү табылган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча жооп берүүсүн талап кылышкан болчу.


Бүгүн саат 12.00дө Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында «Зордук-зомбулукка каршы» аталышындагы жарандык митинг өтүп, Улан Ниязбековдун элдин алдына чыгып, кыздын өлүмүнө ким жооптуу экенин айтуусун жана анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан болчу. Бирок министр өзү чыкпай, өкүлү чыгып, иш боюнча күнөөлүүлөр жазасын ала турганын айткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн