Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутаттарга келсе көрсөтүп бермекпиз. Бөкөнтаев Улуттук банкта 40 тонна алтын бар экенин тастыктады

28.12.2022 16:18
926
Депутаттарга келсе көрсөтүп бермекпиз. Бөкөнтаев Улуттук банкта 40 тонна алтын бар экенин тастыктады


“40 тонна алтын бар!” Улуттук банк депутаттык комиссиянын келишин күтүүдө

 28/12/22 16:07 20 кароо ЭКОНОМИКА0

Бишкек, 28.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.


Жыйында президент Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге “Улуттук банкта 40 тоннадан ашык алтын бар дедиңиз, чын эле барбы?” деген суроо узатты.


“Алтын бар. Ал боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясы келмек, биз аларга алтынды көрсөтүп бермекпиз. Биз депутаттарды күтүп жатабыз”, - дейт Бөкөнтаев.


Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга карата иш план каралууда.


Жыйынга борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн