Башкы прокурордун депутат Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун кароо боюнча депутаттык комиссия депутат Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартты.
Буга чейин комиссиянын курамы кеңейип, анын курамына 11 депутат кирген.
Комиссиянын төрагасы алмашып, Канатбек Исаевдин ордуна Айсулуу Мамашова шайланды.
Комиссиянын жетекчисин алмаштырууга Башкы прокуратуранын Исаевге каршы чыкканы себеп болгон.
Башкы прокуратуранын өкүлү Исаев менен Жетигеновдун мамилеси жакшы эмес экенин, Исаев өзү бул тууралуу ЖКнын жыйынында ачык айтканын, жердештик фактору бар экенин белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн