Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Депутаттык комиссия Жапаров менен чогуу Кара-Балтадагы аффинаждык заводуна барды

30.01.2023 19:02
355
Депутаттык комиссия Жапаров менен чогуу Кара-Балтадагы аффинаждык заводуна барды

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун аффинаждык заводуна барды.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле Кара-Балта тоо-кен комбинатынын борбордук илимий-изилдөө лабораториясында жана «Stewart assay and environmental laboratories» ЖЧК лабораторияларында болушту.


Мындан тышкары, убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Улуттук банкка барып, анда алар Улуттук банктын алтын менен жүргүзүлүп жаткан операциялары, атап айтканда, алтындын запастарын толуктоо, алтындын өлчөнгөн жана стандарттуу куймаларын даярдоо жана алтынды сактоо боюнча эл аралык стандарттардын сакталышын камсыз кылуу боюнча иши менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн