Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутаттык комиссия таштанды полигонуна бөлүнгөн 22 млн евро кайда кеткенин иликтейт

14.04.2022 16:07
516
Депутаттык комиссия таштанды полигонуна бөлүнгөн 22 млн евро кайда кеткенин иликтейт

Бишкектин таштанды таштоочу жайларын иретке келтирүүгө бөлүнгөн 22 миллион еврону максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Бул маселени иликтөөнү ЖКнын "Элдик" тобу сунуштап чыкты. Анын мүчөсү Мирлан Самыйкожонун айтымында, бул долбоорду убагында ишке ашырбаганы үчүн мэрия ири суммада айып пул төлөп жатат.


"2013-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштанды жайларын рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 миллион евро бөлгөн. Анын жарамы кредит, жарымы грант. Ушул күнгө чейин иш баштала элек. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү кечеңдегенине байланыштуу донор тарабынан 102 миң евро же 8 миллион сом комиссия өндүрүлгөн. Бул факт боюнча прокуратура тарабынан төрт кылмыш иши козголгон", — деди Самыйкожо.


Эл өкүлү ушунун кесепетинен 22 миллион евронун кандай пайдаланганын көзөмөлдөө зарылчылыгы жаралганын белгиледи.


Депутаттык комиссиянын курамы:

Улан Бакасов — "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы;

Мирлан Самыйкожо — Элдик топ;

Эмил Жусупов — "Ишеним" фракциясы;

Бакыт Тентишов — "Ынтымак" фракциясы;

Фарходбек Алимжанов — "Альянс" фракциясы;

Айгүл Айдарова — "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы;

Замирбек Мамасадыков — "Ыйман Нуру" фракциясы;

Эльвира Сурабалдиева — бир мандаттуу округ.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн