Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Депутаттыкка талапкер Бактыбек Райымкуловдун үстүнөн добуш сатып алуу боюнча арыз түштү

01.11.2021 17:07
906
Депутаттыкка талапкер Бактыбек Райымкуловдун үстүнөн добуш сатып алуу боюнча арыз түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болуп катталган Бактыбек Райымкуловдун үстүнөн арыз түштү.Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматта айтылгандай, 24-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунун Белек айылынын ат майданында “Көк-Бөрү” оюну оюну болуп, анда 9 команда ойногон. Иш-чарада Жайыл шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Бактыбек Райымкулов сөз сүйлөп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырган жана өзүнүн атынан оюнду уюштуруучулардын бирине тай тартуулагандыгы маалым болгон.    


БШК бул маалыматты ИИМге өткөрүп берген.


Бактыбек Райымкулов бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн