Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кубанычбек Мамыров добуш сатып алууга аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мамыровдун Фейсбуктагы баракчасына 1-октябрда карылар күнүндө Мамыров Кемин РИИБинин башчысынын катышуусунда «Кемин Ынтымагы» коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү «Күн шооласы» карылар үйүнө барып, азык-түлүк баштыктарын тапшырышкан.
Фотоматериалдарда Мамыров кары-картаңдарга азык-түлүк баштыктарын тартуулап, алар менен активдүү сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн