Депутаттыкка талапкерлерди каттоо 10-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, талапкерлерди каттоо үчүн “Электрондук талапкер” программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү “Түндүк” системасы аркылуу ишке ашырылат.
БШКдан белгилешкендей, саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу ар бир шайлоо округу боюнча бирден талапкерди саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтөт.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн