Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Дэйна Уайт: "Хабиб менен Фергюсондун беттеши болот"

19.03.2020 10:14
713
Дэйна Уайт: "Хабиб менен Фергюсондун беттеши болот"


UFCнин президенти Дэйна Уайт жеңил салмактын чемпиону Хабиб Нурмагамедов менен Тони Фергюсондун ортосундагы беттеш болорун убадалады.


“Хабиб менен Фергюсондун беттеши болот. Балким АКШда эмес. Күйөрмандарсыз. Бирок бул беттеш сөзсүз орун алат”, - деген Дэйна Уайт.


UFC уюму Хабиб Нурмагомедов жана Тони Фергюсон кез келе турчу  UFC 249 мелдешин өткөрүүдөн баш тарткан жок. Ал эми ага чейинки жакынкы үч мелдешин өткөрбөй турган болду.


Эске салсак, буга чейин эки мушкердин ортосундагы мелдеш 4 ирет өтпөй калган. Эки жолу Хабиб, дагы эки ирет Фергюсон мелдеш болорго жакын жаракат алып калганын билдиришкен.


Хабиб Нурмагомедов профессионалдык рингде 28 мелдеш өткөрүп баарын жеңген. Ал эми, Тони Фергюсондун 25 жеңиш, 3 жеңилүүсү бар.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн