Теке 01, 2024
Убакыт: 05:11
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Diamond Prinсess лайнериндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

09.03.2020 12:34
677
Diamond Prinсess лайнериндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Япониялык Diamond Prinсess лайнериндеги кыргызстандык жаран бүгүн, 9-мартта Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу "Здоровье" сайты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип маалымдады.


Билдирүүгө ылайык, бул жаран учуп келээри менен обсервацияга алынды. Абалы канааттандыраарлык. Коронавируска кайрадан анализ алынып, текшерилүүдө.   


Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 2-мартына карата бекиткен алгоритмине ылайык, эпидемиялык абал курч болгон өлкөлөрдөн келген кыргызстандык жарандар 14 күн обсервациялык имаратта кармалат.  


Лайнердеги бул жаран үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Токио шаарында Аскердик госпиталга жаткырылып, 15-февралдан 29-февралга чейин көзөмөлдө болгон.  


"Андан коронавируска карата бир нече ирээт анализ алынып, жыйынтыгы таза чыккан. 29-февраль күнү ден соолугу жакшы деген бүтүм менен госпиталдан чыгарылган", - дейт министрлик.


Тышкы иштер министрлиги да, 26-февралда коронавируска алынган анализдин жыйынтыгы он натыйжа бергенин билдирген. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн