Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дил баян сынагы: Жеңген окуучу iPhone 11 жана мугалими Ысык-Көлгө жолдомо алат

22.09.2020 13:28
1597
Дил баян сынагы: Жеңген окуучу iPhone 11 жана мугалими Ысык-Көлгө жолдомо алат


Бишкек шаарындагы №24 мектебинде окуучулар арасында "Китеп-билим булагы" аттуу темада дил баян сынагынын шаардык этабы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, райондук этаптын жеңүүчүлөрү “Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу” темасында кыргыз тилинде эссе, дил баяндарды жазышты. 


"Сынактын жеңүүчүсү жана баш байгенин ээси - Свердлов районунун №38 мектебинин 11-классынын окуучусу Байэл Бакытбек уулу жана анын мугалими Кушубекова Салима Кушубековна болду. Байэлге iPhone 11 смартфону жана мугалимине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилет", - деп айтылат маалыматта. 


Маалым болгондой, калган шаардык этаптын катышуучулары №82 мектептин окуучусу Зарема Таласбекова, №87 мектептин окуучусу Сезим Өмүрбекова, №64 мектептин окуучусу Асия Тагай кызы жана №69 мектептин окуучусу Зейнеп Азамат кызы велосипед белекке алышса, алардын мугалимдерине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо тапшырылат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн