Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дин аалымдары А.Нарматовго, С.Дооловго жана маркум Ч.Жалиловго «Айкөл» ордени тапшырылды

23.10.2020 13:00
1005
Дин аалымдары А.Нарматовго, С.Дооловго жана маркум Ч.Жалиловго «Айкөл» ордени тапшырылды

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дин аалымдарына «Айкөл» орденин тапшыруу боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Абдишүкүр ажы Нарматов, Садыбакас ажы Доолов жана маркум дин аалымы, мурдагы Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов «Айкөл» ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

«Бул сыйлыктар 2020-жылдын март айында Бишкек шаарында өтүүчү «Абу Ханифа мазхабынын Орто Азиядагы орду» аталышындагы эл аралык конференцияда тапшырылмак. Тилекке каршы эл аралык конференциябыз пандемияга байланыштуу токтоп, белгисиз мөөнөткө жылган эле. Бул аралыктарда көптөгөн асыл инсандарыбыздан, аалымдарыбыздан  айрылдык. Сыйлыктарды тапшыруу пандемияга байланыштуу бүгүнкү күнгө туш келди», - деди муфтий.

Муну менен катар муфтий маркум Чубак ажы Жалиловдун кыргыз элинин жан дүйнөсүн шарият көрсөткөн тартипте байытып, коомубуз үчүн жасаган эбегейсиз эмгеги үчүн элибиздин эсинде түбөлүк сакталып кала тургандыгын баса белгилеп, «Айкөл» орденин уулу Абдуллого тапшырды.

«Аалымдарыбыздын эмгектери ар дайым бааланышы керек. Ошондуктан муфтий аалымдарды кадырлоо максатында атайын орден жана медалдарды иштеп чыгып, 2018-жылдын  13-сентябрында Бишкекте өткөн “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары” аттуу III Эл аралык илимий-диний конференцияда Кимсанбай ажы, Дүйшөнбек ажы жана Мамасабыр ажы баштаган аалымдарыбызга алгачкылардан болуп тапшырылган», - деди муфтий.

 «Айкөл» ордени муфтияттын эң жогорку даражадагы ордени.  «Айкөл» ордени элдин руханий жан дүйнөсүн байытууга, мамлекеттин ынтымагын, тынчтыгын, биримдигин, бүтүндүгүн сактоого жана Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтып, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тапшырылат.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн