Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Дин аалымы Абдугаппар Сманов дүйнөдөн кайтты

01.07.2020 15:33
1251
Дин аалымы Абдугаппар Сманов дүйнөдөн кайтты


Казакстандык белгилүү дин аалымы Абдугаппар Сманов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, анын сөөгү бүгүн жерге берилген.


Белгилей кетсек, Абдугаппар Сманов 1970-жылы февралда Түркистан облусунун Сарыагаш районунда туулган. 1990-1994-жылдары Бекабаддагы (Өзбекстан) Магрифат медресесинде диний билим алган.


1994-жылдан бери ал “Таяк ишан” мечитинин башкы имамы жана мечиттин жанындагы медресенин окутуучусу.


2010-жылдан 2016-жылга чейин Сарыагаш медресе-колледжинин директорунун орун басары, 2016-жылдын декабрь айынан баштап Сарыагаш медресе-колледжинин директору болуп иштеген.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн