Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 23:24
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик түзүлдү

14.04.2025 14:45
66
Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик түзүлдү


“КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө” жарлыкка кол коюлду.


Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында, аталган багыттардагы маселелерди комплекстүү чечүү боюнча топтолгон оң тажрыйбаны эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:


1.КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп өзгөртүлүп түзүлсүн.


2.Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.


3.КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү функцияларын 14 бирдиктеги баштапкы штаттык саны, ошондой эле тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке өткөрүп берсин.


4.КР министрлер кабинети өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.


5.Бул Жарлыкты ишке ашыруу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн бекитилген штаттык сандын жана тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.


6.Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) КР президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 “КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө” жарлыгы;

2) КР президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 220 “КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө” жарлыгынын 3, 4 жана 7-пункттары;

3) КР президентинин 2023-жылдын 13-январындагы № 6 “КР президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 “КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгы.


7.Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн