Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Динара Кемелова Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту

09.08.2022 10:34
622
Динара Кемелова Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту

2022-жылы 3-августта Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Келишимдин 10-Обзордук конференциясына катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Д.Кемелова Кыргызстандын Уюмга киргендигинин 30-жылдыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Кыргызстан менен БУУнун мындан аркы кызматташтыгынын келечеги тууралуу кайрылуусун тапшырды.


КР ТИМнин өкүлү БУУнун Башкы катчысына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко боло турган иш сапары, ошондой эле негизги тышкы саясий демилгелери, атап айтканда, тоолорго байланыштуу күн тартибин илгерилетүү жана куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралды таркатпоо жаатындагы билим берүү боюнча маалымат берди.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Атада өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктары да козголду. Атап айтканда, Д.Кемелова аймактагы интеграциянын оң динамикасын белгилеп, Борбор Азия мамлекеттери тарабынан бир катар маанилүү документтердин, анын ичинде 21-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү боюнча достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин кабыл алынганы тууралуу маалымат берди.


Ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча жана Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) Нью-Йорктогу кеңсесинин башчысы Лиджия Норона менен өзүнчө жолугушуулар болуп, анын жүрүшүндө дүйнөлүк коомчулуктун алдында турган заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды жеңүү жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты арттыруунун перспективдүү жолдору боюнча пикир алмашылды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн