Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Диний жана этникалык негизде партия түзүүгө тыюу салуу сунушталууда

17.06.2020 11:15
1305
Диний жана этникалык негизде партия түзүүгө тыюу салуу сунушталууда


Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 16-июндагы жыйынында “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карады.

 

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору саясий партиялардын өлкөнүн турмушундагы ролун мындан ары чыңдоого багытталып, ”Саясий партиялар жөнүндө” 1999-жылдын 12-июнундагы азыр иштеп аткан мыйзамды, Жогорку Кеңештин 2008-жылдан азыркы учурга чейинки депутаттарынын демилгелерин анализдөөнүн негизинде иштелип чыккан.

 

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эл аралык укуктун жалпы принциптери, эл аралык укук практикасы жана башка өлкөлөрдүн мыйзамдары эске алынган. Мыйзам долбоорунда саясий партиялар тынымсыз иштеп, программасы, уставы, ишмердүүлүгү, каржылык отчеттуулугу, талапкерлерди жылдыруунун тартиби жана партиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка маалыматтар ачык болууга тийиш экендиги белгиленген.


Ошондой эле диний жана этникалык негизде партия түзүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн