Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов "Алдаба-Не Ври" Ютуб каналына маек берген.
Анда депутат Исмаилов өзүнүн дипломуна байланыштуу суроодон буйтап өтүүгө аракет кылган.
"Мен дипломго байланыштуу маселеге токтолгум келбейт. Аны керек болсо тиешелүү органдарга көрсөтүп, далилдеп берем",- деди эл өкүлү.
Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Фархат Исмаилова менен"Альянс" фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун диплому жасалма экенин билдирген.
Ал эми депутаттардын мандат маселеси БШКда дагы деле карала элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн