Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Дыйкан—Кара-Кече унаа жолундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

15.09.2020 10:06
976
Дыйкан—Кара-Кече унаа жолундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат


Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги таш түшүп, жабылып калган Дыйкан  Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.

Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы көлөмү болжол менен 900 миң м3 таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөн. 

Жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюулуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн