Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:08
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дыйкандар сугат суунун жоктугунан митингге чыгышты

19.06.2023 15:14
439
Дыйкандар сугат суунун жоктугунан митингге чыгышты


Бишкекте Ысык-Ата районунун 40ка жакын дыйкан сугат суунун жоктугунан өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев учурдагы кырдаал боюнча комментарий берди.


«Маселенин баары Ысык-Ата дарыясынын суунун көлөмү быйыл секундасына 5 куб метрге чейин азайганында, былтыр 10 куб метрди түзгөн. Биз бардык варианттарды иштеп чыктык. Сууну Аламүдүн дарыясынан беребиз. Маселе жакынкы эки күндүн ичинде чечилиши керек. Суу жетишсиз, сугаруунун тартибин киргиздик, бирок баары эле өзүнүн убактысын күткүсү келбейт», - деди ал.


Белгилей кетсек, Нижне-Чуйск айылынын дыйкандары да сугат суунун жоктугуна нааразылыгын билдиришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн