Жалган курандын 13, 2025
Убакыт: 22:59
USD
87.30
87.80
EUR
94.90
95.90
RUB
0.995
1.035

Дыйкандар үрөндөрдү жеңилдетилген баада сатып ала алышат, - министрлик

06.02.2025 12:06
251
Дыйкандар үрөндөрдү жеңилдетилген баада сатып ала алышат, - министрлик


Кыргызстанда жарандар жана чарбалык субъекттер менчигинин түрүнө карабастан үрөнчүлүк чарбалар даярдаган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүн 30 пайыз жеңилдетилген баада сатып ала алышат.


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мындай жеңилдетүү дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.


Дыйкандар жеңилдетилген шартта үрөндөрдү алуу үчүн төмөнкүлөргө көңүл бөлүүсү керек: 


  1. Дотациялык үрөндөрдү алуу ниетин билдирген айыл чарба товар өндүрүүчүсү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефонун, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен дотациялык үрөн алууга жана мамлекеттик дотацияны берүүгө тиешелүү өтүнмө берет. Айыл чарба товар өндүрүүчүсү өтүнмөгө төмөнкү документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркейт:

  2. а) жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН (бар болсо);
    б) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН (бар болсо);
    в) жер участогунун бар экендигин ырастоочу документ (укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтер жана/же ижара келишими).

  3. Райондук комиссия айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн келип түшкөн өтүнмөлөрдү карайт жана өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен дотациялык үрөндү алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Толук маалымат алуу үчүн 0990-965-006 номери аркылуу үрөндөрдү сертификаттоо бөлүмүнүн башкы адиси А.Муратбековага байланышса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн