Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дыйкандарга пайда алып келүүчү долбоорду өкмөт карабай жатат

16.06.2021 13:03
1167
Дыйкандарга пайда алып келүүчү долбоорду өкмөт карабай жатат


Сабиз боюнча.
Бизге 4 жыл мурда Россиянын Магнит деген чоң дүкөндөр түйүнүнөн бизге чыгып, «Бай Элимге» контракт сунуш кылышты. Ал контракт боюнча ар бир айда 3-4 вагон сабиз жөнөтүп турушубуз керек болчу. Контрактын суммасы аябай чоң, мөөнөтү бир жылга түзүлөт. Алар да ишенимдүү гана компаниялар менен иштешкиси келет, бирок бул контракты биз алгандан коркобуз, анткени ошончо көлөмдө сабиз чогулта алаарыбызга ишенбейбиз. Анан кичине эле өзүбүздүн милдеттенмени аткара албай штраф төлөп калуудан коркобуз.

Ушундай заказдар түшө бергенден улам, 2019 жылы Сокулукка холодильник, морозильниги бар логистикалык борбор жана чоң томат заводун курууга проект жазып, өкмөткө өткөргөнбүз, мына азыркыга чейин кабинеттен кабинеттин эшигин тытмай. Андан бери канча премьер-министр алмашпады, баары билет, баары чечип беребиз деп убада кылышкан, мына азыркыга чейин сүйрөп жүрүшөт. Ар инстанцияда отурган чиновниктерге перспектива эмес, проекттин акчасы көздөрүнө көрүнүп, эптеп кичине болсо да жулуп алыш керек болот экен.

Мына, жаңы түшүмгө (жер жемиштин түрлөрү) дагы заказ түшүп атат, биз отурабыз ала албай. Эгер ушундай контракттар менен иштесек, дыйкандар үчүн кепилдик, башы оорубай биз заказ кылган нерсени эгип, кайда сатам деп убара болмок эмес. Мындай обороттон мамлекетке салыктан акча түшмөк, жаңы жумушчу орундар түзүлмөк.

Эмне үчүн сабиз кымбаттап кетти?

Негизи эле дыйкандар байкуштар тобокел кылып эле иштеп жүрүшөт, бир жыл пайда алса, бир жыл банкрот болушат. Алар өздөрүнүн түшүмдөрүн баасы канча болоорун билбегендиктен, кыш-жаз айында болушунча сатып ийгенге аракет кылышат. Бааны кармап, жөндөп турган схема жок, баага кепилдик бере турган туруктуу сбыт да жок. Негизи эле айыл-чарба өсүмдүктөрүнө сбыт цепочкасы, анализ, баа кепилдиги, элдин талабын эсептеген механизм, жана ошол талапты бааны көтөрбөй кармап турган система таптакыр эле жок.

Сабиз боюнча, сабиз чет жакта тартыш болгондуктан, алар келип биздин дыйкандардан болгон объем алып кетип калышкан. Азыр дыйкандардын өздөрүндө калбай деле калды, а сабиз өзү кеч бышат. Так что, дагы кымбаттайт, даярдана бергиле.

Бирок, байкуш дыйкандарым, кичине болсо да пайда таап калышсынчы.

Рысгүл Акимжанова, ишкер

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн