Кулжа 17, 2024
Убакыт: 15:10
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Дыйкандарга жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт

09.04.2020 10:23
1134
Дыйкандарга жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт

 

Фермерлерге жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге көңүл буруусу керек.


Дыйкандардын, айыл чарба техникасынын кыймыл-аракетине кыйынчылыктар жаралбашы керек. Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек. Бул маселени иретке келтирүү зарыл, - деген Кубатбек Боронов.


Мындан сырткары, көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери күчтөтүүлүсү зарыл экендигин, борбордук көчөлөр гана эмес, жаңы конуштар жана кичи райондор да тазаланышы керектигин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн