Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:34
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Добуш сатып алуу боюнча НДПК партиясына иш козголду

12.04.2021 11:07
1636
Добуш сатып алуу боюнча НДПК партиясына иш козголду

Бишкектеги №1208 шайлоо участогунда добуш сатып алуу аракети болгонун тилкедеги тартипке көз салып турган милиция кызматкери кабарлаган. Анда “А” аттуу жаран НДПК партиясына добуш топтоо максатында шайлоочуларга 1000 сомдон акча таратканын билдирген.


Милиция бул факты тууралуу Жоруктар кодексинин 192-беренеси (“Шайлоочуларды сатып алуу”) менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүшкө алды.


Тергөөнүн жыйынтыгында шайлоо тилкесинин жанынан “Равон” үлгүсүндөгү автоунаадан үч жаран “добуш сатып алууга” шек саналып, кармалган. Унааны тинтүү учурунда НДПК партиясынын үгүт материалдары табылган. Ал эми Ю. Б. аттуу жарандын капчыгынан 18,7 миң сом, 202 доллар, 4000 рубль алынган.


Шектүүлөр милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө уланууда. Аталган партияга буга байланыштуу азырынча үн ката элек.


Ички иштер министрлиги 11-апрелдеги шайлоо жана референдумга добуш берүүдө түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу 70 кайрылуу келип түшкөнүн кабарлаган. Анын отузу тастыкталбагандыктан, иштен кыскартылган.


Добуш берүүгө жалпы өлкө боюнча 370 байкоочусу көз салган “Жалпы иш” коомдук уюму шайлоодо мыйзам бузулушу мүмкүн делген жүзд өн ашык учур катталганын кабарлады. Алардын 65и Бишкекте, 36сы Ош шаарында орун алды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн