Экс-депутат, "Социал-демократтар" партиясынын штаб жетекчиси Ирина Карамушкина кармалгандыгын Бишкек ШИИББден билдиришти.
Андан сырткары, партиянын дагы бир мүчөсү Т.Р. кармалган. Милиция алар добуш сатып алып, ар бирин 1000 сомдон баалашкан деп айтууда.
Тинтүү учурунда Т.Р. 40 агитаторго добуш сатып алуу үчүн бериле турган акчалардын ведомостун тытып салууга аракет кылган дешти.
Эске салсак, кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң шаардык милициянын тергөө тобу "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козгогон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн