Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 12:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Догдуркүл Кендирбаева: “152 миллион сомго окуу китептерин чыгарып жатабыз”

07.12.2023 11:05
373
Догдуркүл Кендирбаева: “152 миллион сомго окуу китептерин чыгарып жатабыз”


- Догдуркүл Шаршеевна, буга чейин мектептердеги класстарда 30-40тан бала окуп жатышкан. Азыр ошол салмак бир аз азайдыбы?


- Ушул нерсе бизде олуттуу көйгөй болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ички миграциянын эсебинен Бишкектеги жаңы типтеги мектептерге суроо-талаптын көптүгүнөн улам, класстагы балдардын санын дагы деле азайта албай жатабыз. Айрыкча Сокулук, Аламүдүн райондорундагы мектептерде. Биз кечээ эле депутат Аманкан Батырбекович менен кыдырып келдик. Ал жерде мектептер интенсивдүү түрдө салынып жатат. Бишкек шаарында да жеңилдетүү максатында атайын мектептерди салуу пландалууда. Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча дагы көп сунуштар берилүүдө. 


- Көйгөйдү чечүү үчүн болжол менен дагы канча мектеп салынышы керек?


- Аны алдын ала аныктайлы десек, ички миграция тынымсыз жылып турат. Жаңы мектептерди салууда дагы ошол ички демографиялык көрсөткүчтү, ички миграциялык жылыштарды эске алуу менен пландоо иштери жүрүүдө. Балдары эртең кайсы мектепке барарын бүгүн ата-энелердин көбү так аныктай элек. Шаардагы күчтүү мектептерде окутууну каалагандар көп. Айылдардан дагы окуучулар көп келүүдө. Анүстүнө төрөлүү процесси да абдан жакшы. Жылына балдар мектепке 30 пайызга көп келип атышат. 


- Окуу китептери менен камсыздоо жагычы?


- Биз азыр бул маселени чечип жатабыз. Быйылкы бюджетке 152 миллион сом бөлүнгөн. Буга чейин эмне үчүн китеп таңкыстыгы болду? Себеби, окуу китептерин жеке менчик уюмдар чыгарып келген дагы, мүлктүк жана автордук укуктар аларда болгон. Ошон үчүн даяр китептер жок болуп калып аткан. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүнүн негизинде ал китептерди алдык. Ошондой эле 152 миллион сомго китептерди толук чыгарып жатабыз. Жаңы жылдан кийин англис тили китептери чыгат. Быйылкы бөлүнгөн бюджеттин акчасына китептер толугу менен чыгып, жеткирилет. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Джамиля Дармановна
Книг нет до сих пор, уже скоро Новый год, остаётся ещё 2 четверти, наверное подоспеют к 2024-25 учебному году...