Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 12:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Догдуркүл Кендирбаева кыргыз тилдүү мектептерде окуучулардын билим деңгээли төмөн экенин ырастады

21.02.2024 12:32
369
Догдуркүл Кендирбаева кыргыз тилдүү мектептерде окуучулардын билим деңгээли төмөн экенин ырастады


Конституциялык мыйзам бар, ал аткарылышы керек. Бирок балким туура эмес кылып жаткандырбыз, деди депутат Дастан Бекешев 21-февралда парламенттин жыйынында.


«Мен кыргыз тилинде билим алып жаткан мектеп окуучулары менен жолугуштум. Эмне үчүн алардын билим деңгээли орус тилдүү мектептердин окуучуларынан төмөн? Анткени кыргыз тилиндеги окуу китептери өтө татаал жол менен жазылган, бул жөн эле котормо. Информатика, химия, физика, математика - бул жөн гана котормо. Бул жерде жардам керек. Бүткүл республикалык тестирлөөдөн өткөндө көрүп жатабыз. Эң төмөн балл кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде. Эмне үчүн? Анткени жаңы окуу китептери англис же орус тилинде жазылган», - деди депутат.


Ал дуалдык системага – эки тилде окутууга өтүүнү сунуштады.


Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кыргыз тилдүү мектептерде окуучулардын билим деңгээли төмөн экенине кошулду. Кеп окуу китептеринин сапаты жана окутуунун деңгээлинде экенин билдирди.


«Бул маселени чечүү үчүн Билим берүү министрлигинин алдында басмакана түзүлгөн. Мурда мындай туруктуу иштей турган мекеме болгон эмес. Учурда иш жүрүп жатат. Айрыкча окутуучу адистиктерге дуалдык система киргизилүүдө», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн