Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 13:19
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстанда өтүп жаткан ректорлордун II форумуна катышты

17.07.2024 11:11
178
Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстанда өтүп жаткан ректорлордун II форумуна катышты


Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун II форумуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, форум 16-17-июлунда Самарканд шаарында өтүүдө.

Курамына алдыңкы ЖОЖдордун ректорлору кирген Кыргызстандын делегациясын министр Догдуркүл Кендирбаева жетектеп барды.

Иш-чарада эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана академиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланууда.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ректорлорунун I эл аралык форуму өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн