Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Дохада Кыргызстандын улуттук жана маданият күндөрү өтөт

19.01.2024 16:50
1795
Дохада Кыргызстандын улуттук жана маданият күндөрү өтөт


Үстүбүздөгү жылы 22-январда Катарда өтүп жаткан "Доха ЭКСПО-2023" жарманкесинде КР улуттук күнү, ал эми 23-25-январь күндөрү маданият күндөрү өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, расмий делегацияны министр Алтынбек Максутов жетектеп барат.

"Доха ЭКСПО-2023" жарманкесинин алкагында өтүп жаткан улуттук күндө кыргыз элинин бай маданияты көрсөтүлүп, келгендер кыргыз боз үйү, кыргыз элинин зер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин зоот-шаймандары, кыргыздын салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы жана башкалар менен тааныша алышат. Иш-чара искусство чеберлеринин концерттик программасы менен коштолот.

Ал эми маданият күндөрү Доха шаарындагы Лусаил Бульварында Кыргызстандын павильонунда өтөт.

Чыгармачыл топтун курамында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекттик маданият жана искусство университетинин, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Кыргыз мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын, Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын, А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын өкүлдөрү, Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Н.Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли жана филармониянын солисттери, ошондой эле режиссёрдук коюучу топ, дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн