Бугу 11, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Документтерди жасалмалоо фактысы менен «Вентустун» жетекчиси кармалды

30.05.2020 16:34
1180
Документтерди жасалмалоо фактысы менен «Вентустун» жетекчиси кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалгалоо фактысы боюнча Ысык-Көл областында «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Рузиев Камилжан Якупович кармалды.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалмасы) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Кармалган адам Каракол шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. “К.Рузиевден жабыркагандар болсо УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 жана Нөөмөт бөлүмүнүн 0312 660475 телефондоруна кайрылсаныздар болот”, - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн