Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Долбоор коомдук талкууга коюлду. Жылуулукка болгон тариф көтөрүлүшү мүмкүн

03.10.2023 17:04
333
Долбоор коомдук талкууга коюлду. Жылуулукка болгон тариф көтөрүлүшү мүмкүн


Энергетика министрлиги жылуулуктун тарифин бир жылдын ичинде 25 пайыздан ашык жогорулатууга тыюу салынган норманы алып салууну сунуштап жатат.


Министрлик "Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө" буйругун өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга койду.


Анда жылуулук энергиясынын өздүк наркы өндүрүшкө, техникалык тейлөөгө кеткен каражатты жана капиталдык чыгымдарды жабышы керектиги белгиленген.


"Бирок тарифтерди белгилөөдө керектөөчүлөрдүн ар кандай категориясы үчүн жылдык жогорулатуу 25 пайыздан ашпоого тийиш экендиги каралган. Ушуга байланыштуу бааны (тарифти) толук наркка жеткирүү максатында тарифтерди жогорулатууга коюлган босогону алып салуу сунушталат", — деп жазылат документте.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн