3-ноябрь, саат 10:00гө карата АКШ долларынын улуттук валютага карата баасы кайра жогорулады. Учурда 1 доллар айрым акча алмаштыруу жайларында 83 сом 37 тыйынга чейин сатылууда. Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында курс 81 сом 80 тыйын деп көрсөтүлүп турат.
Бишкек шаарынын Байтик-Баатыр жана Москва көчөсүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруучу жайларда болсо 1 АКШ доллары 82 сом 98 тыйындан алынып жатса, сатуунун баасы 83,37 сомго чамалаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн