Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Доллардын көтөрүлүүсү убактылуу, дүрбөлөң түшүп сатып алууга аракет кылбаш керек, -Улуттук банк

20.03.2020 10:29
825
Доллардын көтөрүлүүсү убактылуу, дүрбөлөң түшүп сатып алууга аракет кылбаш керек, -Улуттук банк


Доллардын курсу кескин көтөрүлүүсү убактылуу гана, бир нече күндө калыбына келет. Бул тууралуу Улуттук банкттын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 20-мартта маалымат жыйында билдирди. 


Анын айтуусуна караганда азыр доллардын курсунун кескин көтөрүлүүсүнүн эки себеби бар. Биринчиси  нефть түшүп кетти, экинчиси коронавирус. 


"Биз кечээ күнкү абал боюнча анализдеп, долларга 84,90дон интервенция жасап оптималдуу чечимге келдик.  Азыр дүрбөлөң түшүп, доллар сатып алууга аракет кылбаш керек. Бул абал көпкө созулбайт. бир нече күндө калыбына келет.  Доллар азыр акча алмаштыруу жайларда жетиштүү. Биз түшүнүүбүз керек. бул 2-3 күндүн ичинде өзүнүн тең салмактуу абалына келет", -деди Абдыгулов. 


Мындан сырткары Абдыгулов Улуттук банктын резервинде 2,3 миллиард доллар резерви бар экенин, ал Кыргызстанда доллардын кымбаттоосуна тоскоолдук кылууга жетиштүү экенин билдирди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн