Доллардын Кыргызстандагы наркы бүгүн эле 50 тыйынга көтөрүлүп учурда 85 сомду түздү.
Азыр АКШ долларын акча алмаштыруучу жайларда сатуу 84,4 -84,7 сомду түзсө, сатып алуу 84,9-84,95 сомго жетти.
Ал эми Улуттук банктын расмий курс 84,11 деп көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, доллар экинчи айдан бери кескин көтөрүлүп жатат. Буга улуттук банк бир канча жолу интервенция жасаган эле.
Ал эми евронун курсу 100 сомдон ашып турган кез.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн